Биз менен байланышыңыз

«Атамбаевдин корко турган нерсеси жок болсо, элге ачык чыгат»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2019 | 448 | 0

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде жакшы иштеген экс-президенттерге кол тийбестиктин кереги жок экенин билдирди.

«Мисалы, Турдакун Усубалиев кызматтан түшкөндө эл аралап, басып жүргөн. Андыктан, экс-президенттин кол тийбестик маселесин эл чечиши керек. Аны жоопкерчиликке тартууну, кол тийбестиктен ажыратууну ЖК, Башкы прокуратура чечкени туура эмес. Мындан улам, бул маселеге кайрылып келишибиз керек. Иштеп жатканда мыйзам бузган экстер бардык жарандар сыяктуу жооп бериши керек», — дейт Бөрүбашев.

Анын айтымында, кеп азыркы бийликте эмес, экс-президент Алмазбек Атамбаев кандай иштеди деген маселеде болушу керек. Эгерде Атамбаевдин корко турган эч нерсеси жок болсо, ичип-жеп албаган болсо, эл алдына ачык чыгат.

«Азыр бийликтин системасы коррупциялашкан. Демек, бул системага келгендердин 90 %ы паракорчулукка малынат. Атамбаев маселесин талкуулоодон майнап чыкпайт. Өлкөдөгү абалга бийлик, байлык талашкан «саясатчылар» күнөөлүү», — дейт Бөрүбашев.

Copyright © 2017 Maral FM