Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Президенттин институту үстөмдүк кылып жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2019 | 694 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгени менен өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков юридикалык жактан башкарбаса да, факт жүзүндө президенттин институту үстөмдүк кылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президенттин институтунун үстөмдүгүнө парламенттин бирдиктүү көз карашка келе албай жатканы себеп болууда.

«Парламенттеги фракция лидеринин көз караштары дал келбегендиктен, президент арбитр катары ортодо туруп, кааласа азчылыкты азайтып же көпчүлүктү жаңы форматта түзө коюу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип алган. Бул мыйзам бузуу эмес. Ошондуктан, жеке мыйзамда гана эмес, Конституцияда да жеке кызыкчылыктар жазылып калган», — дейт Жапаров.

Ал мындан сырткары, өлкөдө 25 жылда экономика өсүшүнүн, элдин турмушунун алдыга жылуусунун ордуна, жалаң жеке кызыкчылыктын айынан чыр-чатактан башыбыз чыкпай жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM