Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Президент менен эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин жоюу зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2019 | 435 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде президент Сооронбай Жээнбековдун да, парламент депутаттарынын да кол тийбестик укугун жоюу зарыл экенин билдирди.

«Мындай мыйзам демилгеленсе колдойм. Мыйзам жазууга да даярмын. Өлкөдө мыйзамдар иштесе, артыкчылык, кол тийбестиктин кереги жок. Бирок соттордо сөзсүз түрдө кол тийбестик болушу керек. Анткени, алар чечим чыгара турган орган. Калгандарыбыз жарандарын катарында жүрө берели», — дейт Жапаров.

Кошумчалай кетсек, 16-майда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков экс-президенттердин кол тийбестигин алуу жөнүндө мыйзамга кол койгон. Мыйзам ушул жылдын 4-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан 2010-жылдын 27-июнундагы референдум аркылуу өзгөртүүлөр киргизилген Конституцияга ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM