Биз менен байланышыңыз

«Экс-президенттер боюнча мыйзам туура экенин далилдөөгө даярмын»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2019 | 562 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзам боюнча акыркы чечимди Конституциялык палата кабыл аларын билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдагы эрежелердин мыйзамдуулугу Конституциялык палатада каралат.

«Биз Конституциялык палатанын чечимине баш ийишибиз кажет. Эгерде экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзам каралып жатканда регламент бузулса, аны палата өткөрмөк эмес, президент да кол коймок эмес. Мен президенттердин буйрутмасын аткарбай турган кишилердин биримин. Мыйзам чыгаруу укугумду пайдаландым. Конституциялык палатага барган соң да, мыйзамдын мыйзамдуулугун далилдөөгө даярмын», — дейт Жапаров.

Ал дүйнөдө бир топ лидерлер кызматтан кеткен соң, саясат менен алектенбей, өз алдынча ишмердүүлүгүн улантып жатканын мисал келтирди.

Ошондой эле, экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзам президенттер 6 жылда колдон келген аракети менен алек болуп, кызматтан кеткен соң өз тажрыйбасын жаштарга өткөрөт деген ниет менен киргизилгенин белгиледи.

«Ар бир президент кызматына жараша кол тийбестик укугунан пайдаланып, пайдасын көрүп жатат. Кызматтан кеткен соң да, ошол укуктун арты менен пайда көрүшүүдө. Мындай учурда, эгерде башка адамдардын укуктарына коркунуч пайда болсо, Конституция ар бар адамдын укугун чектейт. Мындан улам, бир топ мыйзамдарды кабыл алабыз. Мурунку Конституцияда эл аралык деңгээлдеги мыйзамдар, конвенциялар бизден ратификациядан өтсө, биздин мыйзамдардан өйдө турчу. Тилекке каршы, бир укук коргооочунун айынан ал ченем экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жокко чыгарылган. КРдин мыйзамдары өйдө турат деген эреже киргизип койгон. Андыктан, бул Конституцияда да өзгөрө турган орчундуу нерселер көп. Ал да бара-бара ордуна келет деген ниет бар», — дейт Жапаров.

Белгилей кетсек, 25-майда экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн убактылуу кеткен. Партиянын саясий кеңешинин мындай чечимине экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы себеп болгон. Анткени, ал документке ылайык, экс-президенттер саясий партиянын төрагасы жана мүчөсү боло албайт.

Copyright © 2017 Maral FM