Биз менен байланышыңыз

Тажыбай: Билим берүү министрин «отставкага» кетиргенден майнап чыкпайт

Күн чекит | 28 мая 2019 | 622 | 0

Эсептөө палатасы тарабынан 2017-жылга Билим берүү жана илим министрлигиндеги кирешелер жана чыгымдар сметаларынын аткарылышына пландуу аудит жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында, аталган министрликте жалпы 21 миллион сомдон ашуун каржы бузуулары аныкталган. Биз ушул теманын тегерегинде Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Тажыбай менен маек курганбыз.

— Эсептөө палатасынын жыйынтыгы чыкты. Сиз министрликтин Коомдук Кеңешинин мүчөсү катары айтсаңыз, бул иштер боюнча маалыматыңыз бар беле? 

— Ооба, бар болчу. Эсептөө палатасы 2017-жылы санаган, тактап айтканда, 1-январдан 31-декабрга чейин текшерилет. Демек, бул 2018-жылы чыккан жыйынтык. Эмнеге ошондо алып чыкпай, эми гана көтөрүлүп жатат? Бул өзүнчө суроо. Эсептөө палатасы билим берүү тармагындагы ар кандай токтомдорду эске албай эле, 21 млн. деген санды көтөрө чаап жатышат. Ал эми алардан башка мамлекеттик 36 органдын да жыйынтыгын берсе болот эле. Себеби, мындай мыйзам бузуулар бардык тармакта бар.

Министрликке бөлүнгөн каражатка анализ, көзөмөл болчу беле?

— Эсептөө палатасы ар бир окуу жайды өз-өзүнчө карайт. Эгерде ушул тармактарда кандайдыр бир мыйзамдар бузулса, анда сөзсүз түрдө чара көрүлөт. Билим берүү жана илим министрлиги жаза алсын деп прокуратурага маалымат берет. Мындай көрүнүштөр 2017-2018-жылдары кармалып, берилип эле келе жатат. Айлыктын аздыгынан кадр маселеси көйгөй жаратып келет. Ошондой эле, билим берүү системасында ар бир мекеменин өзүнө тиешелүү бухгалтериясы жок болгондуктан, көп мүчүлүштүктөрдү пайда кылууда. Маселен, Ленин жана Октябрь районуна караштуу Бишкектин мектептерин райондун жалпы бухгалтериясы карайт. Булар техникалык ката кетирип коюшу мүмкүн. Эсептөө палатасы муну жакшы билет.

— Азыр социалдык түйүндөрдө Билим берүү жана илим министринин отсавкасын талап кылуу петициясы түзүлүп жатат. Буга чейин деле аталган тармакка сын пикирлер көп эле айтылып келген. Иши каралыш керекпи? Министрдин отставкасын коомчулук талап кыла алабы?

— Талап кылууга укугу бар. Керек болсо, өкмөттүн деле отставкасын талап кылып жатышпайбы. Эртеңки күнү өлкө башчынын деле кетишин талап кылып, саясий жарандар чыгышы толук мүмкүн. Бул биздин мамлекеттин демократиялуу экенинен кабар берет. Бирок терең анализ жүргүзүп келсек, башчыларды алмаштыргандан эч кандай майнап чыкпайт. Буга чейинкилерди отставкага кетирүү менен өлкө гүлдөп деле кеткен жок. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын ишин карасак, ал менеджер катары жакшы иштөөдө. Өзгөрүүлөр кирип эле жатат. Бирок бул маселени бир күндө эле чечип коюуга мүмкүн эмес да. Себеби, аталган министрлик консервативдик орган. 2015-жылы башталгыч класстын мугалимдеринин айлыгын көтөрбөдү беле? Ошондон берүү 1-4-класска чейин окуучулардын билим деңгээлинин өскөнү кадимкидей байкалып калды. Ошон үчүн биз бул тармакка канча көңүл бурсак, ошончо жемишин берет.

Copyright © 2017 Maral FM