Биз менен байланышыңыз

Япониянын Тил академиясы Кыргызстандан 40 студентти кабыл алууга даяр

Кыска кабар | 28 мая 2019 | 652 | 0

2019-жылы кыргызстандык 40 жаран Япониянын Тил академиясынан билим алат. Бул кабар Миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжановдун Япониядагы Фукая шаарынын мэри Кожима Сусуму менен жолугушуусунда айтылганын аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда Кыргызстандын жарандарын Фукая шаарына жумушка орноштурууга көмөктөшүү жана эки өлкөнүн жумушка орноштуруу чөйрөсүндө достук байланышын бекемдөө маселелери талкууга алынган.

Мындан сырткары, Фукая шаарында эл аралык Тил академиясынын өкүлдөрү менен да жолугушуу болуп, эки тараптуу келишимге кол коюлду.

Миграция кызматынын алдындагы маалыматтык-кеңеш берүү борбору менен Фукая шаарындагы эл аралык Тил академиясынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, академиядан билим алышкан Кыргызстандын жарандары андан ары аталган шаардын мекемелерине жумушка орноштурулат.

Фукая шаарындагы эл аралык Тил академиясы 2019-жылы Кыргызстандын 40 жаранын кабыл алууга даяр.

Copyright © 2017 Maral FM