Биз менен байланышыңыз

«Уюшкан кылмыштуу топтор ЖКга чейин кирип алган»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 2578 | 0

Жогорку Кенештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде эл үчүн бандиттер менен бийликте уюшуп отурган саясатчылар бирдей болуп калганын билдирди.

«Кимисинин зыянын көп тартып жатабыз? — деген суроо жаралат. Уюшкан кылмыштуу топтор айыл өкмөттөрдө, акимдердин орун басары болуп, жадагалса, Жогорку Кеңешке чейин кирип алды. Алар парламентке 2010-жылы кирип кетишти. Себеби, шайлоодо 3 нерсе негизги ролду ойнойт. Биринчиси, бийликтегилер адмнистративдик ресурс колдонот. Экинчиси, акча, ал эми үчүнчүсү, «каралардын» кызматы. Саясатчылар башкесерлерди кантип кысабыз? Драмтеатрга барганда спортчуларды ортого салып, чагымчылык уюштуруп, кимдир бирөөнү үйүнөн уурдаттырып же сабатып кетебиз», — дейт Калмаматов.

Ал саясатчылар шайлоо убагында «каралардын» кызматынан колдонгондуктан, аларды куугунтуктоого, териштирүүгө моралдык укуктан ажырап калат.

Калмаматов учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү акылдуу болуп, жөн жардам бербей калганын кошумчалады.

«Алар да кресло үчүн иштеп калды. Биз «каралар» менен камыр-жумур экенибизди моюнга алышыбыз керек. Сырттагы бандиттеге сын тага беребиз, бирок бийликте отургандардын абийири алардан да төмөн болуп бара жатат. Таграагы,  уюшулган кылмыштуу топтордон да жаман болуп баратат. Бийликтегилер топтолуп алып өлкө казынасын жеп жатпайбы?», — дейт экс-депутат.

Copyright © 2017 Maral FM