Биз менен байланышыңыз

«Бүгүн Жээнбеков кландардын туткуну»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 453 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде өлкөдө бийликти олигархтар менен кландар ээлеп алганын билдирди.

Анын айтымында, бийликти кландардан тазалоо керек. Бирок азыркы бийлик аларга каршы иш баштаса, революция болуп кетет.

«Эл өкмөт башчыны, Сооронбай Жээнбековду, экс-президент Алмазбек Атамбаевден бөлүп чыкты да, кландарга салып берди. Бүгүн президент кландардын туткуну. Муну ачык айтуу зарыл. Президент саясий жактан эрктүү болушу үчүн күчтүү парламент керек. Ал эми кландар парламенттин ичинде отурат. Башкача айтканда, өлкө башчынын тышкы саясатта да, ички саясатта да колу-буту тушалган», — дейт Калмаматов.

Анын пикиринде, өлкөдө күчтүү парламент түптөлүп, Жээнбеков бийлик бутактарынын ишмердүүлүгүнүн адилеттүүлүгү боюнча көз карашын гана айтып турушу керек.

Президент УКМК жана Башкы прокуратураны колдонуу аркылуу террордук ыкмаларга өтүп кетпегендей шарт түзүлүшү кажет.

«Президентке каршы күч бир гана парламент боло алат. Себеби, парламент каалаган учурда УКМКнын да, Башкы прокуратуранын да жетекчисин кызматтан алып коё алат. Парламент президентти каалагандай чурката алат. Мындайда айлыктын аздыгына, айык өкмөттөрдүн ишинин чабадыгына президенттин эмне тиешеси бар? Бардык иштерди аткаруучу өкмөт бар го? Бул жерде аткаруу бийлигин шайлаган Жогорку Кеңеш түздөн-түз жоопкерчилик алышы кажет», — дейт экс-депутат.

Copyright © 2017 Maral FM