Биз менен байланышыңыз

Калмаматов: Текебаев — теңдешсиз саясий мугалим

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 2703 | 0

Жогорку Кенештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде Кыргызстанда «Ата Мекен» партиясы — саясий мектеп экенин билдирди.

Анын айтымында, партиялык түзүлүштү бир да окуу жай үйрөтпөйт. Аны теория менен үйрөнүү мүмкүн эмес.

«Саясатчы Өмүрбек Текебаев саясий көз караштарынан улам айрымдарга жакпай калышы мүмкүн. Бирок ал — теңдешсиз саясий мугалим, аны моюнга алуу керек. Текебаев VI чакырылышта депутат болду. Ал өз оюн таңуулаган саясатчы. Кыргызстанда  бийликке каршы чабак уруу — көчөдө калуу менен барабар. Ага карабай, каршы чыгып келе жатат. Биз Текебаевдин жанында анын үй-бүлөсүнөн да көп жүрдүк. 10 жыл Текебаев менен жакын жүрсөм, анан Атамбаевдин кылыгын үйрөнүп албайм да. Ал көп саясатчыларга таандык болбогон нерселерди үйрөттү», — дейт Калмаматов.

Ал VI чакырылышта шайоого катышпай кетип калганын туура чечим болгон деп эсептейт. Анткени, ошол кездеги бийлик «Ата Мекенди» парламентке келтирбөө операциясын баштаган.

«Алар ички аймактык жол менен партияны талкалайбыз деп ойлошкон. Ошол интригалардан оолак болсом, өзүмө да, «Ата Мекенге» да жакшы болорун түшүнгөм. Биздин партия ички тирешүүлөрдүн курмандыгы болсо, парламентке кире албай калмак. Ошол учурдагы кырдаал менден көз каранды болгон эмес. Анткени, тизмени мен түзгөн жокмун», — дейт Калмаматов.

Copyright © 2017 Maral FM