Биз менен байланышыңыз

Казакстандык аял бөтөн паспорт менен чек арадан өтө албай калды

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 390 | 0

Чек ара кызматы бөтөн бирөөнүн паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылган казакстандык аялды кармады.

Окуя 26-майда «Ак-Жол — Автожол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде катталган. Казакстандын жараны паспорт көзөмөлүнөн өтүүдө чек арачыларга 1994-жылы туулган О. Г. аттуу жарандын паспортун көрсөткөн.

Чек арачылар бул жерде дал келбестиктерди байкап, текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада ал бөтөн бирөөнүн документин көрсөткөнү аныкталган.

Тийиштүү протоколдор толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM