Биз менен байланышыңыз

Мамлекет балдарын менчик бала бакчаларга берген ата-энелерге көмөктөшөт

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 412 | 0

Мамлекет жеке менчик бала бакчалардын көрсөткөн кызматы үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн 50 % өзүнө алат. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Бул чечим мектепке чейинки билим берүү тармагын кеңейтүү максатында кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 1-июндан тартып, мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө социалдык долбоор өз ишин баштайт.

Социалдык кызмат үч жаштан беш жашка чейинки курактагы балдарга каралган. Ага көп балалуу үй-бүлөлөр (5 жана андан көп бала), аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болгон кожолуктар, атасы же энеси I же II топтогу майып балдар, ата-энесинин бирөө же экөө тең мамлекеттик, муниципалдык кызматкер болуп, алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон ашпаса катыша алат.

Ал үчүн ата-энелер өтүнмөлөрүн Билим берүү жана илим министрлигине жибериши керек. Өтүнмөнүн формасы жана керектүү документтердин тизмеси министрликтин edu.gov.kg сайтына жайгаштырылган.

Copyright © 2017 Maral FM