Биз менен байланышыңыз

Президент улуттук филармониянын абалы менен таанышты

Кыска кабар | 27 мая 2019 | 439 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Филармониянын имаратында жүрүп жаткан оңдоо иштери боюнча президентке Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов, ал эми айланасын жакшыртуу иштери боюнча Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов маалымат берди.

Учурда филармониянын имаратындагы оңдоп-түзөө иштери толугу менен бүткөрүлгөн. Фойе жана сахна калыбына келтирилип, жарык жана үн берүү системалары, жылытуучу система, артисттердин грим бөлмөлөрү оңдоп-түзөлгөн.

Министр Азамат Жаманкулов учурда сметалык документтөө жыйынтыкталып, опера жана балет театры, кыргыз жана орус драма театрларынын оңдоп-түзөөсүнө тендер жарыяланганын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков имаратты карап чыккандан кийин борбор калаанын маданий жайларына мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Эске салсак, буга чейин өлкө башчысы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына барган.

Бул жылы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры капиталдык оңдоодон өтөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, драма театрлардын имараттары 50 жыл мурда пайдаланууга берилген болсо, дээрлик 40 жылдан бери бир да жолу толугу менен оңдолгон эмес. Опера жана балет театры акыркы жолу толугу менен 1978-жылы оңдолгон, 2016-2017-жылдары жарым-жартылай оңдолуп-түзөлдү. Филармония акыркы жылы 2007-жылы оңдолгон.

Copyright © 2017 Maral FM