Биз менен байланышыңыз

Токтогазиев: Бир да саясатчы менен байланышым жок

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2019 | 458 | 0

Саясатка, бир да саясий партияга аралашпадым, буга чейин мамлекеттик органдарда да иштеген эмесмин. Бул тууралуу «Жашылчарба» агрохолдингинин жетекчиси Тилек Токтогазиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал саясатчылардын эмес, дыйкандардын кызыкчылыгын коргоо максатында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматына өзүн көрсөтүп жатканын айтты.

«Мен саясатка аралашкан эмес элем. Азыр атайын фейктер тарабынан мага карата каралоо жүрүп жатат. Бир да саясатчы менен байланышым жок. Эгерде Айыл чарба министри болуп калсам, өз бизнесимди таштайм. Мен үчүн негизги баалуулук — акча эмес, элдин батасы. Бул тармакта көп иштегим келбейт. Узак мөөнөттүү стратегиямды 2 жылда ишке ашыруу ниетим бар», — дейт Токтогазиев.

Ал Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев отставкага кеткен соң, көз караштарын интернетке жазып, көпчүлүктөн колдоо тапканын белгиледи.

Эске салсак, 26-майда Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясы Айыл чарба министринин кызматына жеке ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөткөн. Бул боюнча фракция лидери Алтынбек Сулайманов Фейсбуктагы баракчасына видео билдирүү жасаган.

«Бир Бол» фракциясы айыл чарба министрлигине Тилек Токтогазиевди көрсөтөт [Видео]

Copyright © 2017 Maral FM