Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым аймактарында 19 күнгө газ берүү токтотулат

Кыска кабар | 26 мая 2019 | 502 | 0

27-майдан 14-июнга чейин Бишкектин Л. Толстой, Киров көчөлөрүндө, Новопавловка айылында — ЧЧК-Ала-Арча дарыясынын аймагында жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы маалымдайт.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу болгонун ишкананын коомчулук менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM