Биз менен байланышыңыз

Быйыл төрт маданий мекеме капиталдык оңдоодон өтөт

Кыска кабар | 26 мая 2019 | 429 | 0

Быйыл төрт маданий мекеме капиталдык оңдоодон өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдирди.

Ага ылайык, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры жана Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры да оңдоп-түзөөдөн өтөт.

 — Азыркы тапта бул театрларды капиталдык оңдоп-түзөө үчүн атайын смета түзүлүп жатат. Тапшырма берилген. Бул экөөнөн тышкары дагы эки мекеменин: Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залынын жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын оңдоп-түзөө иштери башталганы турат. Быйылкы планга 4 мекеменин кириши маданият үчүн чоң жылыш. Кийинки пландарда Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театры жана Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки бар», — дейт Иманалиев.

Ал учурда оңдоп-түзөө иштерине учурда канча каражат кетери эсептелинип жатканын кошумчалады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM