Биз менен байланышыңыз

26-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 422 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 26-майда  көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

26-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 9…14… күндүз: 22… 27;

Талас облусунда

түнкүсүн: 6….11….күндүз: 19…..24;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 13…15….күндүз: 27…29;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 7…12….күндүз: 15…20;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 7….9…..күндүз: 17….19;

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 24….26, түнкүсүн 12…14 градус болот.

 

Copyright © 2017 Maral FM