Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 26-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
26-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 9…14… күндүз: 22… 27;
Талас облусунда
түнкүсүн: 6….11….күндүз: 19…..24;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 13…15….күндүз: 27…29;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 7…12….күндүз: 15…20;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 7….9…..күндүз: 17….19;
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 24….26, түнкүсүн 12…14 градус болот.