Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан 2020-жылдагы Олимипиадада алтын медаль утууну пландап жатат

Кыска кабар , Спорт | 24 мая 2019 | 588 | 0

Кыргызстан 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимипиада оюндарында 3 медаль утууну пландап жатат. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Канатбек Арпачиев бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Ал Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча Олимпиадага 21 лицензия ала алат деп ишенет. Мисалы, грек-рим күрөшүнөн, эркин күрөштөн жана кыз-келиндер күрөшүнөн, дзюдо, жеңил атлетика, жаа атуу ж. б. спорттун түрлөрүнөн лицензияларды алууга үмүт бар.

«Кыргыз спортчулары Олимпиада оюндарында зор ийгиликтер жаратат дегенге толук негиз бар. 2018-жылы Азия оюндарында спортчуларыбыз 20 медаль утуп алышты. Анын үчөөсү алтын. Бул — рекорддук көрсөткүч. Мындан тышкары башка эл аралык ири мелдештерде да жакшы көрсөткүчтөр бар. Ошондуктан, Олимпиадада үч медаль ала алабыз. Анын жок дегенде бирөөсү алтын болот деп үмүттөнөбүз», — дейт Канатбек Арпачиев.

Амбиция бар экенин, эгер мыкты даярдык көрүлсө, ал пландар жүзөгө ашырыларын агенттиктин башчысынын орун басары кошумчалайт.

Эске сала кетсек, 2016-жылдагы Олимпиада оюндарында спорттун 6 түрү боюнча 19 кыргызстандык катышып, медалга жеткен спортчу болгон эмес.

2012-жылдагы оюнда да Кыргызстан медалсыз кайткан.

Copyright © 2017 Maral FM