Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда маалымат каражаттары үчүн жабык тема жок

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 573 | 0

Бишкекте бүгүн Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) өлкөлөрдүн медиафоруму ачылып, ишин баштады.

Ачылышка өлкө башчысы президент Сооронбай Жээнбеков да катышып сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө өлкө башчысы ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМКлар катализатор боло аларын белгиледи.

«Медиа – учурдагы дүйнөнүн тарыхын дароо чагылдырат» деп айтылат. Мен кошумчалайт элем, адамдар дүйнөнү сиздердин көз караш менен көрөт. Ар бир өлкөнүн, биздин мамлекеттердин да маанайы сиздердин позицияңардан, сиздердин жоопкерчилигиңиздерден  көз каранды. ШКУ уюмунун башкы милдеттеринин бири – бул, өлкөлөр жана элдердин ортосундагы ишеним жана бири-бирин сыйлоо маанайын жаратуу. Бул милдетти ишке ашырууда абдан чоң роль жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү», — деди президент.

Кыргызстан дайым ар кайсы тармактарда, анын ичинде медиа тармагында да кызматташууга жана тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин президент сөзүндө белгилеп кетти.

«Биз эки тараптуу да, көп тараптуу да форматтарда өз ара аракеттенишүүнү жана тажрыйба бөлүшүүнү көздөйбүз. Бишкек медиафоруму бүт ШКУ аймагында медиа кызматташуунун жаңы доорун ачуусун каалайбыз. Кыргызстанда мамлекеттик да, көз карандысыз да ЖМКлардын күчтүү институту түзүлдү. Биздин өлкөдө маалымат каражаттарына мамиле өзгөчө – ага ишенишет жана ага кулак салышат. Анткени, сөз эркиндиги жана журналисттин позициясынын көз карандысыздыгы биздин коомдун көптөн бери кармаган салты болуп калган. Маалымат каражаттары бизде жарандык коомдун жарчысы болуп, коомдук маанайды аныктап турат. Жарандар жана мамлекеттик бийликтин ортосундагы диалогдун ортомчусу болуп саналат. Эртели-кеч өлкөдө болуп жаткандын баарын адамдар ЖМКлар аркылуу билип турушат. Ошондуктан, бизде ЖМК үчүн жабык тема жок десек болот. Кыргызстан – бул, ачык коом», — деп белгилейт Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчысы ошондой эле, ШКУнун жаңы деңгээлге өсүүсү жана глобалдык чакырыктарга ээ экендигин эске алуу менен трансформациялоодо ЖМК ролу маанилүүлүгүн, ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМК катализатор боло аларын кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM