Биз менен байланышыңыз

Парламент менен өкмөттүн аткезчиликке каршы аракети

Коом , Кыска кабар | 24 мая 2019 | 65 | 0

Кыргызстанда аткезчилик күч алып, мыйзамсыз киргизилген товарлардын көлөмү өсүп, импорт да көбөйдү. Мындай көйгөйдү Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүп чыгып, чара көрүү талабын койду. Ал эми өкмөт да өткөргөн отурумунда көмүскө экономиканы жоюу талабын коюп, тапшырмаларды берди. Негизи мунайды аткезчилик жол менен ташуудан өлкө жылына канча зыян тартат? Өкмөт буга канткенде бөгөт коё алат? Ушул суроолордун айланасында иликтөө жүргүздүк. 

22-майда Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан аткезчилик жол менен келген 180 тонна бензин кармалган. Атайын кызматтын маалымдашынча, күйүүчү май темир жол аркылуу ташылып келинип, мунай базадан Чүй облусунун башка күйүүчү май бекеттерине жеткирилип турган. Ошол эле мунай базадан жасалма документтери менен күйүүчү май ташыган төрт автоунаа кармалган.

Аткезчилик көйгөйү Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, мыйзамсыз киргизилген товарлардын көлөмү өсүп жатканын айтышкан.

Эл өкүлү Кенжебек Бокоев «Мунай аткезчилигине өкмөт өзү жол ачып жатат», — дейт.

— Казакстанда күйүүчү май арзан. Алар бизден алгыла деп жатса, эмне үчүн өкмөт келишимге кол койбойт? Өкмөт саботаж кылып, аткезчиликке жол ачып жатат. 

Ал эми депутат Закир Шарапов эл өкүлдөрү өкмөткө канча тапшырма бергенине карабай, аткезчилик күчөп жатканын билдирди.

— Кадамжай району аткезчиликтин ордосуна айланды. Бул жактан барган күйүүчү-майлоочу майларды май куюучу жайлар Өзбекстанга, Тажикстанга өздөрү киргизип берип жатат. Өзбекстандан чыккан ар бир Камаздын бортунда 3 тоннадан ашык орун бар. Алар жөн гана кирип-чыгып жүрүшөт. Эч ким көзөмөлдөбөйт. 

Парламентте күйүүчү майдан сырткары, башка товарлар да аткезчилик жол менен келип жатканы айтылды.

Ал арада өкмөт чукул жыйынга чогулуп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз ишин аткарбай жаткан тиешелүү жетекчилерди сындады. Ал эки ай мурда мунай өндүрүмүн темир жол аркылуу гана алып келүү боюнча тапшырма берген. Бирок, бул багытта эч жылыш болгон эмес жана күйүүчү май ташуучулар менен да сүйлөшүүлөр жакшы жүргүзүлбөгөн.

— ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн өзгөчө Казакстандан курулуш материалдары, темир, жыгач, миллиондогон сомдук күйүүчү майлар кирет. Биз мунай ресурстарын автоунаа менен ташыган ишкерлерге алдын ала күйүүчү май темир жол менен ташыларын айтышыбыз керек. Ошондо каттоого алынат. Эки ай өттү, эч кандай жылыш болгон жок. 6 айдын жыйынтыгында көмүскө экономика менен күрөшүү боюнча фунциялары бар жана ишке тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин карайбыз. Себеби, биз 1-сентябрдан тарта мугалимдердин маяналары канча пайызга көтөрүлөрү жана кандай алары тууралуу жооп беришибиз керек. 

Ал эми Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов Экономика министрлигинин маалыматына таянып, күйүүчү-майлочу майдын 25 %ы аткезчилик жол менен келерин, бул жерде эки салыктын түрү боюнча эсептегенде, мамлекет жылына 3 млрд. сомдой зыян тартарын билдирди. Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы бул көйгөйдү жоюу боюнча өкмөткө сунуш берген. Эшатов эгер система ишке кирсе, салыктын көлөмү жогорулашы мүмкүн экенин болжоду.

— Учурда Экономика министрлигинин алдында жумушчу топ иштеп жатат. Автоматтык түрдө каттоого алуу системасы киргизилет. Тагыраагы, мунай чек арадан өткөндөн тарта АЗСтерге жетип, кардарларга сатылганга чейин көзөмөлдөнөт. Күйүүчү май сатылып жатканда чыгарылган чек Салык кызматынын сервери менен байланышта болгондо гана, баары ачык-айкын болот. Анткени, Тажикстан ушундай системага өткөндөн бери өлкө салыгынын көлөмү 40-50 %га жогорулаган. Биз да Кыргызстанга бул системаны киргизип жатабыз. Өкмөт тийиштүү токтомду бекиткен соң, көрсөтүлгөн убакыттан тарта иштей баштайт. 

Мунай аткезчилиги боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды дээрлик Орусия менен Казакстандан ташып келет. Бирок өлкө ЕАЭБге киргенде биримдиктин эрежесине ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынып салынган. Мындан улам, Мамлекеттик бажы кызматы Казакстан менен Орусиядан кирип жаткан күйүүчү майларды көзөмөлдөй албайт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Жаманак Мүсүрканов кабарлады.

— Биз Орусия жана Казакстандан келген күйүүчү-майлоочу майларды көзөмөлдөбөйбүз. Болгону үчүнчү өлкөлөрдөн, тагыраагы, Кытай, Тажикстан, Өзбекстандан келген товарларды гана тескейбиз. 

Бирок УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы, экономикалык талдоочу Максат Мамытканов Бажы кызматын сынга алды. Анын баамында, көзөмөл органдарынын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам, күйүүчү майлар аткезчилик жол менен ташылып, Кыргызстандын бюджетине жылына 5 млрд. сомдон ашуун зыян алып келүүдө. Анын пикиринде, өкмөт өлкөгө аткезчилик менен кирип жаткан күйүүчү майды ачыкка чыгарып, баары мыйзам чегинде иштесе, бюджетке бир жылда 10 млрд. сомдон ашык каражат топтолмок. Бул маселеде жарандык коом да четте карап турбашы керек.

— Өкмөт бардык көзөмөл органдарын бириктирип, аткезчиликти жоюунун эсебинен казынага төлөнгөн акчаларды көбөйтүү аркылуу кийинки жылы бюджеттик тартыштык жок болсун деген максат коюушу керек. Аткезчиликти азайтуу үчүн адамдык факторлорду жокко чыгарып, көзөмөлдүн баарын электрондук форматка өткөрүү кажет. «Коопсуз шаар» долбоору сыяктуу «Коопсуз Кыргызстан» долбоору да болуп, бардык текшерүүлөр, каттоолор санариптештирилиши зарыл. Заманбап технологиялар менен жабдылса, видеокамералар эмне ташылып жатканын көрсөтүп турса, Бажы кызматы кантип аларды көрө албасын? 

Казакстан Кыргызстанды аткезчилик боюнча айыптаган жайы да бар. Бул маселенин айынан убагында чек арада көзөмөлдү да күчөтүшкөн. Андыктан, күйүүчү май рыногундагы аткезчилик маселесин Коопсуздук Кеңешинин жыйынына алып чыгуу зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, аткезчилик менен товар ташууда ири акча айлангандыктан, ага көзөмөл органдары да кызыкдар. Мындан улам, аларда коррупциялык схемалар бар, чогуу иштешет. Эл өкүлү коррупциялык схемалардын артында беделдүү адамдар турарын да айтып өттү.

— Биз аткезчилик маселесин парламентте карайбыз. Бул жерде толук, ачык-айкын айтыла турган маселелер бар. Анын баарын айтып, өкмөткө тапшырма беребиз. Андан кийин гана маселени Коопсуздук Кеңешинин жыйынына чыгарса болот. Эч качан бизге аткезчилик менен келген товарлар өзүнөн-өзү кирбейт. Ага мамлекеттик көзөмөл органдары жол берет. Аткезчилик бир гана күйүүчү-майлоочу майларда эмес, бардык тармактарда бар. Алардын баалары 40 млрд. сомго чейин жетет. УКМК муну түздөн-түз тастыктап чыгарса, аткезчиликке жол ачкан бир топ мамлекеттик органдардын жетекчилери камалышы мүмкүн. 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан жылына 1,5 млн. тонна күйүүчү май керектейт. Анын 300 миң тоннадан ашыгы Кыргызстанда өндүрүлөт. Өткөн жылы 1 млн. 37 миң тонна күйүүчү май импорттолгон.

Copyright © 2017 Maral FM