Биз менен байланышыңыз

«Таза суу үчүн республикалык бюджеттен бөлүнчү каражат көбөйүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 мая 2019 | 530 | 0

Былтыр калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн мурдагы жылдарга салыштырмалуу республикалык бюджеттен он эсеге көп каражат каралган. Бул тууралуу Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аймактарды таза суу менен камсыздоо үчүн 2014-жылы 25 млн. сом каралса, 2018-жылы 250 млн. сом бөлүнгөн.

Ал эми 2019-жылы 500 млн. сом каралары пландалып жатат.

«Бүгүнкү күндө 200 млн. сом каражат чечилди. Экинчи жарым жылдыкта дагы 300 млн. сом чечилет», — дейт Момунов.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы 25 айыл жергиликтүү боюджеттин эсебинен таза суу менен камсыз болгон. Долбоордун баасы 291 млн. сомду түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM