Биз менен байланышыңыз

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов 1 айга камакка алынды

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 434 | 0

Мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов 1 айга камакка калтырылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кечээ кечинде жабык өткөн соттук отурумдан соң кабыл алды.

Соттун чечимине ылайык, экс-вице-премьер-министр 26-июнга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 Тергөө абагында болот.

Шамил Атаханов «Мыйзмдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгарылышына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча 21-майда кармалган.

2013-жылы Азиз Батукаев эркиндикке чыгарылган тушта Шамил Атаханов Өкмөттүн күч түзүмдөрүн көзөмөлдөө боюнча вице-премьер-министр кызматын аркалап турган.

Copyright © 2017 Maral FM