Биз менен байланышыңыз

«Таза суунун жетишсиздигинен пайда болгон ооруларга 4,8 млрд сом кетет»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 мая 2019 | 501 | 0

Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов «Марал» радиосуна берген маегинде «Аймактарга таза суу» форумунда коюлган тапшырмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Анын айтымында, таза суунун жетишсиздигинен келип чыккан ооруларды дарылоого 4,8 млрд. сом кетет.

«Бул ойго салган көрсөткүч. Анткени, таза суу элдин ден соолугуна таасир бергендиктен, бул маселе абдан маанилүү болуп турат. Биз бекитилген иш-чараларды ишке ашырыт жатабыз. Ал үчүн көйгөйлөрдү республикалык бюджеттин эсебинен чечүүгө мүмкүнчүлүк жок. Айыл өкмөттөрдүн басымдуу бөлүгү дотацияда болгондуктан, сырткы инвесторго муктажбыз», — дейт Момунов.

Ал мындан сырткары, өлкөнү таза суу менен камсыздоодо бир нече эл аралык донор уюмдар каржылык колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.

Айта кетсек, 23-майда өткөн «Аймактарга таза суу» форумунда президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 % таза суу менен камсыздоо милдетин койгон.

Copyright © 2017 Maral FM