Биз менен байланышыңыз

5 жылда Кыргызстан таза суу менен толук камсыз болот

Коом | 23 мая 2019 | 775 | 0

Бишкекте «Аймактарга таза суу» аталышындагы форум болуп өттү. Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Сума Чакрабарти, өкмөт өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты. Форумда долбоор боюнча 2 макулдашууга кол коюлду. Ага ылайык, Мырзаке, Куршаб, Дөң-Булак айыл аймактары жана Жалал-Абад шаары муниципалдык башкармалыктарындагы 80 миңден ашуун эл таза, ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз болот.

Бүгүнкү күндө, таза суу долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Евробиримдиктин жана Швейцария конфедерациясынын колдоосу менен Кыргызстандын жыйырма шаарында 11 млрд. 200 миллион сомдук ири долбоор ишке ашырылууда.

Өлкөнүн калктуу конуштарын таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири. Ага ылайык, Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 % таза суу менен камсыздоо милдети коюлганын Президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө баса белгиледи.

— 2014-жылы таза суу маселесин чечүүгө республикалык бюджеттен 25 миллион сом бөлүнгөн болсо, 2018-жылы таза суу секторуна 255 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Бул маселени кийинки жылы бюджет каралганда, кошо карашыбыз керек. Жакынкы беш жылдын ичинде өлкөбүздүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Таза суу курулмалары жок 369 айылга жаӊыдан куруу пландаштырылды. Бул маселени чечүүдө эл аралык институттардын колдоосу чоң. Ошондой эле, өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 % таза суу менен камсыздоо милдети коюлган.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы 15 млн. евро берилмекчи. Бул акча суу менен камсыздоо системиндеги маанилүү жаңылоолорго каралган. Анын 65 %ы кайтарымсыз грант, 35 %ы насыя түрүндө берилет. Эки долбоордун алкагында өлкөдөгү 24 шаарда таза суу планы ишке кирет.

Элди суу менен камсыздап гана тим болбостон, аны колдонууда экологияга зыяны тийбешин жана үнөмдүү пайдаланууну шартташ керек. Мындай оюн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Сума Чакрабарти билдирди. Ошондой эле, банк мындан ары да жогорку инвестиция бөлүүгө даяр экендигин кошумчалады.

— Ар бир жаран таза суу ичүүгө укуктуу. Аларга шарт түзүп берип жатканыңар бизди абдан кубандырат. Таза суу менен камсыздоодо кесипкөй адистерди ишке тартуу маанилүү. Себеби, туура эмес иш жүргүзүлгөндө, инфраструктура канчалык жогору болбосун, ал жарактан чыгат. Мен тарифтик реформаны колдойм. Биздин банк мындан ары да жогорку инвестиция салууга даяр. Швейцария өкмөтүнүн колдоосун да белгилеп кетким келет.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Жала-Абад шаарындагы суу түтүктөрү жаңыланып, 70 % калк таза суу менен камсыздалган. Мындан сыркары, жер тамда жашагандарга суу эсептегичтер орнотулуп, эл сууну үнөмдөөгө үйрөнгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев  маалымдап, кол коюлган келишимдин экинчи фазасынын алкагында аткарылуучу иштерди тизмектеп берди.

— Экинчи фазанын алкагында шаар тургундарынын 100 %ы таза суу менен камсыздалат. Шаардын 30-40 %ына канализация киргизүү каралган, учурда анын 60-70 %ы толук бүтүү алдында турат. Эң негизгиси бизде союз убагындагы тазалоочу жай бар, ошону оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

2019-жылдан баштап Евробиримдик жана Швейцария өкмөтү тарабынан шаарлардан тышкары, айыл жерине инвестиция тартуу жаңыдан башталган. Мындан улам, АРИСтин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев Нарын, Баткен жана Талас облустары боюнча түзүлгөн долбоорлорго токтолду.

— Азия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, быйыл чечилип калса, Нарын облусунда таза суу боюнча жумуш эмки жылы башталат  Мындан тышкары, Баткен, Талас облустарында Ислам өнүктүрүү банкы менен Саудия өнүктүрүү фонду каржылай турчу жаңы долбоор ишке кирет. Ошону менен 7 облус тең АРИС аркылуу камтылат. АРИСтин өзүнүн тизмеси бар, бул тизмени бизге Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги берет. Биз аны ишке ашыруучу гана органбыз.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 1800 айылдын 653үндө таза суу жок. Анын ичинен 57 айылга 2019-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен жана кайрымдуулук, эл аралык уюмдардын жардамы менен таза суу чыгарылат. Өткөн жылы 30 айыл таза суу менен камсыздалган.

Copyright © 2017 Maral FM