Биз менен байланышыңыз

Автоунаа токтотуучу жайларды акылуу кылуу сунушталды

Коом | 23 мая 2019 | 753 | 0

Бишкек шаарындагы автоунаа токтотуучу жайларды акылуу кылуу сунушталууда. Ага ылайык, шаардагы автоунаа токтотуучу жайлар зоналарга бөлүнүп, жайгашкан жерине жараша баалар каралат. Алдын ала болжолдуу тарифтерге ылайык, шаардын борборунда жайгашкан көчөлөрдөгү унаа токтотуучу жайлардын алгачкы сааты 30 сом болуп, кийинки сааттар 10 сомдон эсептелиши мүмкүн.

Бишкек мэриясынын Транспорт жана муниципалдык менчик департаментинин директору Кубан Жусуповдун айтымында, жаңы сунушталып жаткан ыкмадан бюджетке канча түшөрү тарифтерге байланыштуу. Ал шаардык Кеңештин кароосунан кийин такталат. Болжол менен жылына 100 млн. сом түшөрү күтүлүүдө.

— Мэрия тарабынан жаңы жобо сунушталып жатат. Аны Бишкек шаардык Кеңешинин кароосуна жиберебиз, алар карап, өзгөртүүлөрдү сунуштайт. Жаңы ыкмаларга ылайык, электрондук төлөм болот. Ошондой эле, автоунаа токтотуучу жайлардын жаңы системасын инвесторлор аркылуу иштетүү каралууда. Же бир эле тажрыйбалуу инвестор болот, же бир нече компания болушу мүмкүн.

Коомдун талкуусуна коюлган бул долбоорду шаар тургундары, өзгөчө айдоочулар ар кандай кабыл алууда. «Тартиптин болгону жакшы, бирок ансыз деле буга чейинки айып пулдардын көлөмү жетиштүү эле» дегендер да жок эмес.

— Мен туура эле кабыл алдым. Ар ким каалаган жерине токтотпой, көзөмөл болот. Бирок акысын элдин шартына жараша коюшса жакшы болмок.

— Шартты түзүп туруп, анан акылуу кылса болмок

— Туура эмес. Мен кошулбайм. Карапайым эл эле кыйналып жатат. Чоңдор кыйналбайт.

— Ушуну тим эле коюшпаптыр. Ансыз деле башка айып пулдары оор болуп жатат.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта Бишкек шаары боюнча 10 миң 600 автоунаа токтотуу үчүн орун бар. Дагы 2 миңдин тегерегинде орун каралууда. Бул 57 көчөгө туура келет. Шаардык Кеңештин депутаты Рысбай Аматов: «Мында көбүрөөк каражат табуу кызыкчылыгы эмес, шаардагы башаламандыкты жоюу максаты бар. Анткени, акы киргизиле турган болсо, унаасын эртеден кечке токтотуп койгондор азаймак», — дейт.

— Сынак жарыялап, инвесторлорду тартып, ошонун негизинде электрондук төлөм сыяктуу кызматтар кирет. Бул тажрыйба мурда деле колдонулуп келген. Максаты: шаардагы башаламандыкты жоюу. Анткени, азыр автоунаасын бир күн кечке колдонбогон киши каалаган жерге токтотот да, тыгынды пайда кылат. Ал эми акы киргизиле турган болсо, андайлар азаймак.

Эгерде бул долбоор колдоо тапса, ижарага ала турган ар бир компанияга шарттар коюлат. Ошондой эле, системадан түшө турган акчанын канча бөлүгү бюджетке түшөрү алдыдагы талкууларда айтылат. Ижарага ала турган компанияларга кандай талаптар коюларын Бишкек мэриясынын Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар департаментинин директору Дамир Жумашев айтып берди.

Албетте, шарттар менен катар талаптар да болот. Атайын белгилери болуш керек. Электрондук системаны киргизе турган болсок, ал талаптарга жооп бериши зарыл.

Маалыматка ылайык, муниципалдык автоунаа токтотуучу жайлардан акы төлөө мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун учурунда алынып салынган. Ал эми пилоттук негизде Шопоков көчөсүн ижарага берген учурда, жылына 2,5 млн. сом түшүп турган.

Copyright © 2017 Maral FM