Биз менен байланышыңыз

Айымдардан түзүлгөн такси кызматы: Шарияттын негизинде иштеп жатабыз

Коом | 23 мая 2019 | 1209 | 0

Өлкөдө аялдарды жана жаш балдарды гана ташуучу такси кызматы иштеп жатат. Тактап айтканда, аял айдоочу сизди каалаган жериңизге жеткирип коет. Бирок бир өзгөчөлүгү, алар бир гана аялдарды жана жаш балдарды көздөгөн жерине жеткирүү милдетин аткарышат. Эркектер бул таксинин кызматын колдоно алышпайт.

Баатирбекова Гүлмайрам 40 жашта. Бишкек шаарында турат. 5 баланын апасы. Буга чейин борбордогу кафелердин биринде ашпоз болуп иштечү. Бирок, ден соолугуна байланыштуу ишин таштоого туура келген. Үйдө отурган аялзаты жашоосуна эч кандай секирик жасай албасын билип, интернеттен жумуш издеп баштаган. «Ухти такси» айымдарды гана жумушка чакырат» — деген жарнаманын негизинде учурдагы жумушун тапканын айтып берди. Каарманым менен көчө кыдырып, унаа башкарганына баам салып, а түгүл кардарлар менен кантип сүйлөшүп, буйрутманы кантип аларын көрүп кайттым.

— Кафеде ашпозчу болуп иштегем. Ал жакта өзүңүздөр билгендей, кечке тикеден тик туруп иштешибиз керек. Бутум ооруганына байланыштуу ишти таштоомо туура келди. Кышында социалдык тармактарды чукулап жатып, “»Ухти таксиге» айымдар керек» деген жазууга көзүм түштү. Кызыгып барып көрсөм, мени абдан жакшы кабыл алышты. Ачылгандан бери иштеп жатам, көнүп калдым.

Угарман, сизде «Ухти» аталышы эмнени түшүндүрөт? — деген суроо пайда болсо керек. Чечмелеп берели. «Ухти» араб тилинен алынган сөз, бизче «эже» дегенди билдирет. Атына заты жарашкан такси, мырзалар чалганда кызматташуудан баш тартышат.

— «Ухти» деп аты айтып тургандай эле, биз бардыгын шарияттын негизинде жасайбыз. Ишти да ошол багыт боюнча алып барабыз. Мырзалар чалса, буйрутма алынбайт, унаага да отургузмай жок. Кардар чалганда, бир канча жолу тактап, анан барабыз.

Каарманымдын кичүү баласын жанына кошо ала жүргөн күндөрү көп эле болот. «Себеби, кээде таштай турчу киши жок болуп калат», — дейт. Ал такси кызматына жаңы киргенде, Бишкектин жолдорун көп билбегендиктен, улуу кызы менен бирге иштеп, жолдорду жаттап, иштин көзүн тапканын айтып берди.

— Менин беш балам бар. Кичүүсү биринчи класста окуйт. Кээде үйдө эч ким жокто буйрутма түшсө, баламды жаныма алып алам. Эч ким каршылыгын көрсөтпөйт. Тескерисинче, баламды көрүп, ишенич пайда болот. Биринчи такси кызматына киргенде, борбордун көчөлөрүн көп билбей кыйналгам. Улуу кызымды жаныма салып алып, бир канча күн иштегем. Азыр көнүп, билип калдык.

Айымдар унаалары бузулганда, сөзсүз мырзалардан жардам сурашат. Кардар жеткирип, унаасы бузулуп калган жагдай Гүлмайрамда да болгон. Иштеп жаткан жумушунун өзгөчөлүгү, иштөө убактысы эркин. Беш баласы болгондуктан, аларды мектепке жеткирип, кам көрүү да энелик милдети. Ошондуктан, Гүлмайрам үй-тиричилигине да, жумушка да үлгүрөөрүнө токтолду. Муну менен катар, бир күндө канча кардарды жеткирерин, канча акча табарын да сурадык.

— Техникага ишенич жок да. Андай учурлар көп эле кездешет. Мырзаларга кайрылабыз. Биздин жумуштун жакшы жери, иштөө убактысы эркин. Эне болгондон кийин иштеп да, баланы да кароого милдеттүүбүз. Жумушум жакшы болгон күндөрү 2000 сомго чейин табам. Өзүбүзгө жетет.

Гүлмайрам мусулман аялдары бүгүнкү күндө үйдө отурбай иштеп, өзүн өнүктүрүү багытында бир нерсе менен алектениши керек деп эсептейт. Азыркы заманда айымдардын кечинде такси кызматы менен жүрүүсү бир топ эле кооптуу экенин айтат. «Ошон үчүн аялдарды аялдар гана жеткирсе, коопсуздук жакшы сакталат», — дейт Гүлмайрам.

— Мурун кечинде жумуштан жалгыз чыкканда, таксиге отургандан коркчумун. «Кандай адам болду экен?» — деген ойлор кетчү. Ошон үчүн эжелерге жана сиңдилерге айтарым, кечинде колдон келсе чыкпагыла, же болбосо биздин таксинин кызматын колдонгула.

Copyright © 2017 Maral FM