Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова эл аралык «Memorial Matteo Pellicone» мелдешине катышат

Кыска кабар , Спорт | 22 мая 2019 | 485 | 0

Айсулуу Тыныбекова Эл аралык «Memorial Matteo Pellicone» мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган мелдеш 23-майдан 25-майга чейин рейтингдик алкакта Италиянын Сассари шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова, 76 кг салмакта Айпери Медет кызы жана 68 кг салмакта Мээрим Жуманазарова катышмакчы. Спортчулардын машыктыруучусу Нурбек Изабеков.

Кошумчалай кетсек, мелдешке катышуу үчүн спортчулар Финляндиянын Куртан шаарында 9-майдан 21-майга чейин эл аралык машыктыруучулардан окушкан. Аларды каржылоо үчүн Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 771 миң сом бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM