Биз менен байланышыңыз

Алматы-Ош багыты боюнча жаңы рейс ишке кирет

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 914 | 0

Казакстандык QAZAQ AIR авиакомпаниясы Кыргызстандын түштүгүнө да каттамдарды ачты. Тагыраак айтканда, 7-июндан тарта Алматы — Ош — Алматы аба каттамы ишке кирет. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, QAZAQ AIR авиакомпаниясы Алматы-Ош багыты боюнча жумасына эки жолу учат. Каттамдар Дүйшөмбү жана жума күндөрү ишке ашат. Учуу убактысы 1 саат 5 мүнөткө сощулат. Ал эми билет баасы  48 доллар. 

Кошумчалай кетсек, жылдын башында өлкө башчы “Ачык асман” мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөргө кол койгон. Ага ылайык Кыргызстанда аба эркиндигинин 5- даражасы пайда болду. Анын алкагында башка өлкөдөн учуп жаткан авиакаттамдар Кыргызстан аркылуу уча алат жана Кыргызстандын аэропортторуна конуп, жүк таштап, жүргүнчү алып кете алат деп айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM