Биз менен байланышыңыз

«Ачык асман»: Каттамдар боюнча сунуштар келе баштады

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 1742 | 0

«Ачык асман» долбоорунун алкагында биринчи сүйлөшүүлөр башталды. Тажикстандын «Сомон эйр» авиакомпаниясы Кыргызстан аркылуу эл аралык каттамдарды жүргүзүү боюнча конкреттүү сунушун берди. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев «Марал» радиосуна билдирди. Анын кабарлашынча аталган авиакомпания Душанбе-Бишкек-Сеул каттамын бир тараптуу жүргүзүү өтүнүчүн келтирди. Экинчиси Душанбе-Тамчы-Пекинге учуу жөнүндө болду.

Мындан башка дагы Бириккен Арап Эмираттарынын авиакомпаниялары өз сунуштарын берүүдө. Бирок бир чечимге толук келише элек.

«Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол коюлган соң Кыргызстан эки тараптуу келишим бар өлкөлөргө жаңы каттамдарды ачуу тууралуу сунушун жөнөткөн.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков  «Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга 15-январда кол койгон.

Өкмөт 2019-жылы кыргызстандык жүргүнчүлөр арасында аба каттамына артыкчылык бергендер көбөйүп, учак менен жол жүрүүнү тандагандар жылына 1 миллион 600 миңге жакындайт деп ишендирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM