Биз менен байланышыңыз

Орусияда жасалма билет саткан кыргызстандык кармалды

Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 673 | 0

Орусияда жасалма авиабилет саткан жаран кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Анда өткөн жылдын 30-декабрынан баштап ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Москва-Бишкек, Москва-Ош багыты боюнча жасалма билет сатып алганын айтып, жарандар кайрыла баштаган. Мындай алдамчылыкка дуушар болгон жарандардын саны 20га жеткен. Ошол себептүү укук коргоо органы териштирүү иштерин жана жарандардан сурамжылоо жүргүзүп, жасалма билет саткан жаранды тапкан. Ал Жети-Өгүз районунун тургуну, 1995-жылы туулган Р.Р. аттуу жаран экендиги маалыматта айтылат.

Алынган маалыматтар боюнча ал жасап саткан билеттердин жалпы баасы 700 миң рублдан ашкан.

Жасалма билет сатуу боюнча Москва шаарындагы Ички иштер бөлүмүнө 23 арыз келип түшкөн.  Алардын негизинде Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча иш козголду.

21-январда шектүү жаран колго түшүрүлүп, убактылуу камоочу жайга киргизилген.

Учурда эки өлкөнүн милиция кызматкерлери жабыр тарткандарды тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Кошумчалай кетсек, шектүү 2018-жылдан тарта авиабилет саткан компания менен иштешип баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM