Биз менен байланышыңыз

Намазалиев: «Ачык асман» Кыргызстандын чоң жеңиши

Без рубрики , Күн чекит | 15 Янв 2019 | 1118 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ачык асман» кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койду. Ага ылайык, Кыргызстанга Ачык асман эркиндигинин 5-даражасы кирди. Эми чет өлкөлүк учактар кыргыз аба майданын колдонуп, жүк ташып, жүргүнчү алып кете алат. Жаңы өзгөртүү өлкөгө эмне берет? «Ачык асмандын» артыкчылыктары жана тобокелчиликтери тууралуу аталган долбоордун демилгечилеринин бири, коомдук активист Мирсулжан Намазалиев менен «Күн чекит» программасынын алкагында маек курганбыз.

Марал: «Ачык асман» долбоору кабыл алынып, президент кол койду. Эми Кыргызстандын авиа тармагында кандай өзгөрүүлөр кутүлөт?

Мирсулжан Намазалиев: Биринчиден, «Ачык асман»-кыргыз элинин чоң жеңиши. Абдан жакшы кабар болду. Бул биздин жарандар жана өлкөбүз үчүн пайдалары көп. Биринчиден, эми учактардын билет баалары 40%га чейин арзандайт. Ал гана эмес, эми кыргызстандыктар чет өлкөгө окууга, туристтик сапарга, дарыланууга же иш боюнча ыңгайлуу баада, жеңил жолдор менне учушат. Ошону менен бирге, түз каттамдардын ачылуусу жана билет баасынын түшүүсү Кыргызстанга келе турчу туристтердин көбөйүшүнө алып келет. Баарыбызга маалым, Кыргызстанга келгиси келген чет өлкөлүктөр деле түз рейстердин жоктугунан жана буга байланыштуу билет бааларынын кымбаттыгынан келе алышчу эмес.

Марал: Жергиликтүү авиакомпаниялар «Ачык асман» алардын жолун бууп, ишмердүүлүгүнө чоң залакасын тийгизерин айтып, чочулап жатышты эле. Бул канчалык деңгээлде негиздүү?

Мирсулжан Намазалиев: Менимче, алардын чочулоосу жөн гана кээ бир тараптардын ашыкча пайдасынан куру калтырганы үчүн болууда. Анткени алар буга чейин каалаган бааларын коюп алып, элдин чөнтөгүн кагып келишкен. Ансыз деле Кыргызстанда иш алып барган компаниялардын бирөө гана Кыргызстанга таандык. Калгандары чет элдик компаниялар.

Негизинде «Ачык асман» жергиликтүү компаниялар үчүн деле абдан пайдалуу. Алыскы өлкөлөрдөн учуп келгендер алар аркылуу Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын шаарларына учуусу мүмкүн. Ошондуктан чочулоолор негизсиз деп ойлойм.

Марал: Жергиликтүү авиакомпанияларыбыз Европанын «кара тизмесинде» эмеспи. «Ачык асман» алардын дараметин арттырып, конкуренциянын артынан Европа стандарттарына жакындайт деп ойлоого болобу?

Мирсулжан Намазалиев: Европанын «кара тизмеси» менен «Ачык асмандын» түздөн-түз байланышы жок. Бирок бул долбоордун артында кыргыз авиакомпаниялары, аэропорту өзүнүн сапатын, кызматын арттырып, тиешелүү аудиттен өтө алса, албетте бул алар үчун мотивация берүүчү жакшы шылтоо. Муну пайдаланып, кара тизмеден чыгып алса болот. Бирок, «Ачык асман» кирсе, «кара тизмеден» чыгып калат деген жанылыш. 

Copyright © 2017 Maral FM