Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-корей салыкчылары жолугушту

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 475 | 0

Бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров Корея Республикасынын Салык кызматынын комиссары Хан Сын Хви баштаган өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун алкагында, эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланды жана улуттук салык түзүмүнүн өнүгүшү боюнча тажрыйба алмашышты. Ошондой эле, кыргыз тарап салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук системасынын долбоору менен тааныштырды.

Кореянын салык кызматынын өкүлдөрү ар кандай системаларды жана заманбап технологияларды пайдалануу менен салык төлөөчүлөрдү электрондук тейлөө жаатында улуттук салык кызматынын аткарып жаткан иштери тууралуу айтып беришти.

Copyright © 2017 Maral FM