Биз менен байланышыңыз

Мухаммедкалый Абылгазиев: Түштүк Корея Кыргызстандын Азиядагы негизги өнөктөштөрүнүн бири

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 522 | 0

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Түштүк Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Абылгазиев Түштүк Корея Кыргызстандын Азия чөлкөмүндөгү негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты.

Премьер-министр кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосунда саясий диалогду улантуу маселесине өтө чоң маани берерин айтып, мындан ары да ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана ачык деп белгиледи.

«Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу коңшу мамлекеттер менен достук жана боордоштук мамилелерди бекемдөө болуп саналат. Бизди алар менен кылымдардан бери уланып келе жаткан салт-санаалар жана үрп-адаттар, достук жана ынтымактуу коңшулук мамилелер байланыштырып турат. Кыргыз Республикасынын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуусу эки тараптуу негизде, ошондой эле көп тараптуу форматта өнүгүп келе жатат. Ушуга байланыштуу «Борбордук Азия — Корея Республикасы» форумун андан ары өнүктүрүү демилгесин толугу менен колдойбуз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Корея Кыргызстанга шайлоо процессин өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилеп, натыйжасында парламенттик жана президенттик шайлоолор ачык-айкын, адилеттүү атаандаштык шарттарда өтүп, өз учурунда ал өлкөдө демократиялык өзгөртүп-түзүүлөрдүн жогорку деңгээлин көрсөткөнүн айтты.

«Алдыда эки тараптуу кызматташуу боюнча маселелер көп. Сапардын алкагында кыргыз-корей кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуунун жана өз ара аракеттенүүнүн негизинде бир катар келечектүү багыттар боюнча макулдашууларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү», — деди Өкмөт башчы.

Өз кезегинде Түштүк Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён бүгүнкү жолугушуу эки тараптын кызматташуусуна чоң салымын кошорун билдирди.

Мындан тышкары, Кыргызстан ШКУ жана ЕАЭБдин алкагында аймактык кызматташууга өз салымын кошуп жаткандыгына жогору баа берерин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM