Биз менен байланышыңыз

2019-жылы жергиликтүү бюджетке 17 млрд. сом салык чогулду

Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 461 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылы жергиликтүү бюджетке 17 млрд 518,7 млн сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогултту. Белгиленген план 101,3 пайызды түзүп, 231,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

2018-жылга салыштырмалуу жергиликтүү бюджетке түшүүлөр 2 млрд 845,7 млн сомго же 19,4 %га жогорулаган.

Мындан тышкары, бул мезгилде 2 млрд 950,1 млн сом суммасында мүлк жана жер салыгы чогултулган. Анын ичинде 842,9 млн сому транспорт салыгы 104,4%га аткарылды, 878,5 млн сом кыймылсыз мүлк салыгы 107,5%, 1 млрд 228,7 млн сом жер салыгы 111,3%.

Copyright © 2017 Maral FM