Биз менен байланышыңыз

Кореяга магистрдик программа менен окууга кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 1108 | 1

Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы кеңсеси («KOICA») менен биргелешип, Кореяга магистрдик программада окууга кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан кабарлашты.

«KOICA Scholarship Program 2019» программанын негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн эл аралык курстардын 17 түрү боюнча кабыл алуу болмокчу.

Стипендиялык программанын максаты адам ресурстарын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.

Документтер 2019-жылдын 4-мартына чейин кабыл алынат.

Кошумчалай кетсек, аталган программа боюнча маалыматтык семинар 2019-жылдын 8-февралында  Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында өтмөкчү.

1 пикир

1 пикир

  1. Nurgazy

    29.01.2019 12:21

    Саламатсыздарбы!

    Ушул гранттык окуулар боюнча, кенениреек маалыматты кайсыл барактан алсак болот?

    Рахмат!!!

    nurgazy.dolotbaev@gmail.com

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM