Биз менен байланышыңыз

Кытайда акысыз билим алуу үчүн дагы 6 орун бөлүндү

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 589 | 0

Кытайдын чет өлкөдө билим алуу боюнча фондусунун башкаруучу мамлекеттик комитети 2020-21-окуу жылына карата билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына алты орунга стипендия бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Программалар:

  • Бакалавриат;
  • Магистратура;
  • Докторантура
  • Тил такшалмасы.

Документтер 10-февраль саат 17.00гө чейин кабыл алынат. Билим берүү жана илим министрлиги, 220-кабинет. Маалымат үчүн байланыш телефону: 0 (312) 62 15 19.

Ар бир багыт,  кимдер катыша алары жана талаптар боюнча кеңири маалыматты бул шилтеме аркылуу алсаңыздар болот https://edu.gov.kg/…/kitaj-vydelyaet-shest-stipendij-dlya-…/

Copyright © 2017 Maral FM