Биз менен байланышыңыз

Венгрия Кыргызстандын студенттери үчүн 75 бюджеттик орун бөлдү

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 3028 | 0

Венгрия 2020-2021-окуу жылына карата бакалавр, магистратура жана доктарантура программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 75 бюджеттик орун бөлдү. Бакалавр 30, магистратура 30 жана докторантурага 15 орун. Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы аталган бюджеттик орундарга сынак башталганын кабарлады.

Гранттар Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program программасы аркылуу бөлүнүп жатат. Программаны башкарууну Темпус коомдук фонду жүргүзөт.

Кыргызстандын жарандары төмөнкү багыт боюнча акысыз билим ала алышат:

  • Бакалавриат программасына тапшыруучулар: айыл чарба, социалдык, экономикалык, техникалык жана табигый илимдер, информациялык технологиялар, спорт жана мамлекеттик саясат.
  • Магистратура программасына тапшыруучулар: айыл чарба, социалдык, экономикалык, техникалык жана табигый илимдер, информациялык технологиялар, спорт жана мамлекеттик саясат.
  • Докторантура программасына тапшыруучулар: бардык багыт боюнча.

Тандоо шарттары, керектүү документер жана конкурс боюнча кеңири маалыматты министрликтин сайтындагы төмөндөгү шилтеме аркылуу алсаңыздар болот: https://edu.gov.kg/…/postuplenie-v-vuzy-vengrii-v-ramkah-s…

Copyright © 2017 Maral FM