Биз менен байланышыңыз

Мирлан Бакиров: Акылбек Жамангуловго куугунтук болбошу керек

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 549 | 0

«КТ Мобайл» боюнча ачык ойлорун айткан «Альфа Телекомдун» жетекчиси Акылбек Жамангуловго өлкөнүн күч органдары тарабынан текшерүү, башка тараптардан коркутуулар болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.

Вице-спикер бул тууралуу Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкканга чейин мындай куугунтуктоолор токтотулушу керектигин айтты.

«КТ Мобайл» боюнча… өткөн жумада депутаттык комиссия түзүлүп ишин баштаган. Андагы коррпуциялык иштер боюнча биздин мурдагы коллегабыз Акылбек мырза айтып чыкты эле. Акылбек мырза көп коррупциялык иштерди ачыктады. Анын айынан көптөгөн жетекчилер кызматтан кетип жатат. Комиссиянын жыйынтыгы чыга элек, мындай көрүнүштөр токтотулушу керек», — деди вице-спикер Мирлан Бакиров.

Мындай пикирди бир катар депутаттар колдоп сөз сүйлөшүп, ыксыз текшерүүлөр, куугунтук токтотулушу керектигин белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM