Биз менен байланышыңыз

Билим берүү боюнча китептердин котормосунун бет ачары өттү

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 430 | 0

Бүгүн, 21-майда Кереге фондунун демилгеси менен кыргызчага которулган атактуу Кен Робинсондун «Баланын жөндөмүн өнүктүргөн креативдүү мектептер» китеби жана Америка Психологдор Ассоциациясы тарабынан даярдалган «Кенже курактан баштап мектеп курагындагы креативдүү, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип» аттуу билим берүү психологиясы боюнча китептин бет ачары болду. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Иш-чара Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Сауд Аравия залында өттү. Ага билим берүү тармагында иш алып барган коомдук ишмерлер, ишкерлер, мугалимдер, студенттер катышты.

Copyright © 2017 Maral FM