Биз менен байланышыңыз

Улуттук китепканада «Санарип доорунда китеп» аталышындагы эл аралык конференция өтүп жатат

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 754 | 0

Кыргызстанда он бир өлкөнүн өкүлдөрү катышкан «Санарип доорунда китеп жана китеп окуу» аталышындагы эл аралык конференция өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Конференция Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын 85 жылдыгына арналды.

Конференцияны Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов ачып, учурдагы китепканалардын бүгүнкү күндөгү орду жана санариптештирүү дооруна карата жана окурмандарды китеп окууга тартуу боюнча акыркы кезде жасалып жаткан аракеттерге токтолду.

«Бүгүнкү күндө маданият мекемелери маданий баалуулуктарыбызды сактоо, билим берүүнүн өзөгүн түзүү, электрондук ааламдашуу, экология, илим жана маданият тармагында жалпы көйгөйлөрдү чечүүдө четте карап турбоосу керек», — деп билдирди статс- катчы.

Конференцияга КМШ өлкөлөрүнөн Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Молдованын, Орусиянын, Өзбекстандын, Украинанын ири Улуттук китепканаларынын директорлору, өлкө министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери, элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын башчылары, 150дөн ашык илимпоз, өлкөнүн илимий изилдөөчү жана билим берүүчү уюмдарынын адистери катышууда.

Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алуу күтүлүүдө жана ага келип түшкөн материалдардын электрондук жыйнагы чыгарылмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM