Биз менен байланышыңыз

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын 85 жылдыгы белгиленип жатат

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 1895 | 0

Бүгүн Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын 85 жылдык мааракеси белгиленип жатат.

Китепкананын маалымат кызматынан кабарлагандай, 18-майга чейин улануучу мааракенин алкагында «Санариптешкен доордогу китептин орду» конференциясы, өлкө китепканачыларынын ХI форуму сыяктуу жана башка көптөгөн иш-чаралар уюштурулду. Мындан тышкары, ТҮРКСОЙ уюму жана Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен азербайжан элинин улуу акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулат. Ошондой эле, иш-чаралар 18-майда салтанаттуу кече менен жыйынтыкталат.

Эске салсак, 1934-жылы Кыргыз АССРинин чечими менен ачылып, 1938-жылы республикалык китепкана болуп кайра түзүлгөн. 1993-жылдын 12-октябрында КР Өкмөтүнүн  №486 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасы аталган. 2014-жылы кыргыздын кайталангыс акыны Алыкул Осмоновдун ысымы берилген. Учурда анда түрдүү тармактар боюнча 16 окуу залында 1000ден ашык окурманга орун бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM