Биз менен байланышыңыз

«Акыркы коңгуроого» акча чогултууга тыюу салынды

Билим-маданият | 21 мая 2019 | 776 | 0

Мектептердеги салтка айланган «Акыркы коңгуроо» салтанатына саналуу күндөр калды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл өлкө аймагында 50 миңдей окуучу 11-классты аяктайт.

Жыл сайын «Акыркы коңгуроо» салтанатына акча чогултууга тыюу салынып, атайын буйрук чыкса да, өз алдынча акча чогулткандар тыйылбай келет. Бүтүрүүчүлөр: «Бул маанилүү күндү белгилебөө туура эмес», — деп ойлошот. Маселен, атын атагысы келбеген бүтүрүүчү ал күн үчүн 3 миң сомдун тегерегинде акча чогултушарын жашырбайт.

— Азыр чогултуп баштадык десек болот. Биз эл катары көп деле топтобойбуз. Чакан эле топ менен, достор менен өткөрүп коебуз. Азырынча 3 миң сомдон деп жатабыз.

Бул маселе көп жылдан бери көтөрүлүп, тиешелүү чаралар көрүлгөнү менен түп-тамырынан жоготууга мүмкүн болбой келгенин буга чейинки мисалдар тастыктай алат. Мисалы, Уултай мектепти бүтүргөн жылы да буйрук чыкканы менен баары бир акча чогултушкан. «Анткени, бүтүрүүчүлөр үчүн маанилүү күндү жакшы маанайда өткөрүүгө ар бир бүтүрүүчү, кала берсе ата-энелер өздөрү да кызыкдар», — дейт.

— Мен мектепти 4 жыл мурда аяктагам. Анда деле акча чогултууга тыюу салынган болчу. Бирок биз чогултканбыз. Антпесек болбойт. Себеби, чыгым көп болот. Биз деле эл катары жакшы өтүшүн каалайбыз. Анын үстүнө мугалимдерге, мектепке эстеликке калтырып кеткенге белек алабыз дегендей. Ошондой эле, мектепти кооздоого каражат керек. Акыркы учурда кыздар окшош кийинип чыгып калышкан, ал үчүн атайын кийим тиктиребиз. Кеминде 5 миң сомдон топтогонбуз.

Маалыматка ылайык, бул демилге көпчүлүк учурда ата-энелер тарабынан көтөрүлүп келет. Бирок ар кандай кырсык, балдардын коопсуздугун алдын алуу максатында министрлик тиешелүү чараларды көрүүдө. Маселен, атайын кайрылуу үчүн ачылган WatsApp тайпага азыркы тапта 72 арыз келип түшкөн. Алар өз убагында чечилген. Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиеванын айтымында, эгерде мындай учурга мугалимдер аралашкан болсо, тиешелүү чаралар көрүлөт.

— Буйруктар бардык мектептерге жиберилген. Эгерде мындай кырдаалга мугалимдер, жетекчилер аралашкан болсо, эмгек кодексинин негизинде түшүнүк кат алынат. Анын негизинде чаралар көрүлөт. Биз катуу турсак, маселе оң жагына чечилет деп ойлойм.

Билим берүү жана илим министрлиги «Акыркы коңгуроону» калыптанып калган түшүнүктөн арылтып, башкача форматта белгилөөгө чакырат. Салтанатты мектептин короосунда өткөрүп, белгилүү инсандарды чакырып, бүтүрүүчүлөр үчүн жакшы маанай тартуулоонун башка жолун кароону сунушташат. Анткени, күндүзгү салтанаттан кийин көпчүлүк учурда бүтүрүүчүлөр автоунаалар менен шаар кыдырып, жол кырсыктары көп катталган учурлар да болгон. Өзгөчө чоң шаарларда.

Ал эми биз жүргүзгөн сурамжылоого катышкан шаар тургундары эмне дешет?

— Биз азыр акча чогултуп баштадык. Мен каршы эмесмин.

— Мен эгерде министрликте отурган киши болгонумда союз учурундагыдай, аларга медаль берип, галстук тагып, башкача өткөрмөкмүн.

— Мектепти бир эле жолу аяктайсың. Андыктан, жакшы өткөрүүгө каршы эмесмин.

— Бардык эле ата-энелердин баласы үчүн акча чогултууга дарамети жетпеши мүмкүн. Анын үстүнө, бир жолу болот деп, ошол бойдон баланын тагдырына балта чабылып, кырсык болсо эмне болот?

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы «Акыркы коңгуроо» күндөрү балдарда автоунаа колдонууга уруксат бербөөнү, ар бир баланы ата-энелердин көзөмөлгө алуусун өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM