Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда 2018-жылы 16 кырсык катталган

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 394 | 0

Баткен облусунда 2018-жылы 16 кырсык катталып, анын 15и табигый кырсык болгон, ал эми 2017-жылы 11 кооптуу кырдаал катталып, анын ичинен 9у табигый кырсык болуп эсептелинген. Мына ошол кооптуу аймактардан кабар алып, жеринен чечимдерди чыгаруу максатында бүгүн, 21-майда Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов иш сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Лейлек районунун Тайлан айылынын кире беришиндеги Исфана-Тайлан-Ак-Булак унаа жолу кесип өткөн, узундугу 3 чакырымга созулган Тайлан-Сайдан жыл сайын сел жүрүп, ошондой эле, кышкысын суу үйөрлөп, калың муз каптап, Ак-Булак, Тайлан, Ак-Тилек айылындагы тургундарынын райондун борборуна каттамы үзгүлтүккө учурап, кыйынчылык жаралып келүүдө.  Нурболот Мирзахмедов айылдардын элинин турмуш-тиричилик көйгөйлөрүн эске алуу менен кыш мезгилдеринде каттамды үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында сел жүргөн сайга узундугу 20 метр, туурасы 4 метр көпүрө куруу маселеси каралып, тиешелүү жетекчилерге сунуш даярдоону тапшырды.

Андан ары, Исфана шаарынын Чимген айылынын ылдый жагына дамба куруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди. Ошондой эле, Исфана шаарынын Беш-Бала айылындагы Исфана-Сайга көпүрө куруу маселеси каралды.

Copyright © 2017 Maral FM