Биз менен байланышыңыз

Он-Арча суусуна түшүп кеткен кызды издөө уланууда

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 444 | 0

Бүгүн, 21-майда Он-Арча суусуна түшүп кеткен кызды издөө иштерин улантуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын шаардык № 16 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 21 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 4 суучул тартылды. Жалпы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 25 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргузүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Издөө иштери боюнча кошумча маалымат берилет.

Эске салсак, 17-май күнү саат 20:00 чамаларында Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С. Н. аттуу кыз түшүп кеткен. Ошол күндөн тарта издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM