Биз менен байланышыңыз

Украина: Зеленскийдин «экинчи» анты

Дүйнө | 20 мая 2019 | 822 | 0

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский бүгүн, 20-майда ант берип, президенттик кызматка расмий киришти. Ант берүү аземи Украинанын Жогорку Радасында болуп өттү. Зеленский инаугурацияда эмнелерди айтты? Расмий иш-чарага кайсы өлкөнүн президенттери келди? Ошондой эле инаугурацияны кандай кызыктар коштоду? 

Владимир Зеленский ушуну менен экинчи ирет президент катары ант берди. Тагыраак айтканда, биринчисинде өзү тартылган “Элдин кулу” сериалындагы каармандын образында ант берген. А бүгүн ал чыныгы жашоодо, 13,5 млн элдин добушунун негизинде шайланган президент катары расмий түрдө ант берди.

“Мен, Владимир Зеленский Украинанын суверендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын сактоону өз милдетиме алам жана украин калкынын укугун, эркиндигин, Украинанын эл аралык деңгээлдеги аброюн коргоого жана жогорулатуу үчүн ант берем”.

Расмий иш-чарадан чоң Зеленский Жогорку Раданын депутаттарына кайрылуу жасады. Анда ал парламентти таратуу боюнча чечим кабыл алганын айтып,депутаттардын жана чиновниктердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам керектигин белгиледи. Ошондой эле ал буга чейин украин элинин жүзүнө жылмаюу тартуулап келсе, эми элдин көзүнөн жаш агызбоого аракетин кыларын кошумчалады. Ошондой эле чиновниктерди президенттин сүрөтүн кабинеттерге илбөөгө чакырды.

“Менин сүрөтүмдү ар бир чиновник өз кабинетине илип алышын каалабайм. Президент-бул сыйына турган киши эмес. Андан көрө кабинетиңерге өз балдарыңардын сүрөтүн илгиле. Бир чечим кабыл аларда терең ойлонуп, алардын көзүн карагыла!”.

Ал эми Крым жана Донбасс тууралуу сөздөрүн орус тилинде айтып, Украинанын бир бүтүндүгүн сактоо анын башкы максаты экенин айтып өттү. Ошондой эле бул темаларда диалогго ачык экенин да билдирди.

Жогорку Рададагы ант берүү аземин сыртта эки чоң экран аркылуу калкка түз көрсөтүлдү. Эл Зеленскийдин ар бир сөзүн кунт коюп угуп, ал Жогорку Раданы таратуу тууралуу айтканда төбөлөрү көккө жете сүйүнүштү.  Расмий бөлүктөн соң Зеленский президенттик сарайды көздөй элди аралап жөө басты.

Зеленскийдин инаугурациясына Украинанын экс-президенти Петр Порошенко баш болгон бардык чиновниктер, дин өкүлдөрү катышты.

Ал эми чет элдик коноктордон Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили, Эстониянын президенти Керсти Кальюланд, Литванын президенти Даля Грибаускайте жана Венгриянын өлкө башчысы Янош Адер катышты. Түркиянын атынан вице-президент Фуат Октай барды. АКШдан болсо энергетика министри Рик Перри келди. Еврокомиссиядан болсо вице-президент Марош Шефчович бүгүнкү аземдин коногу болду.

Ошондой эле Британия, Австрия, Хорватия, Түндүк Ирландия, Молдова, Польша, Чехия, Казакстан, Азербайжан, Румыния, Армения, Белоруссия жана Болгариянын өкүлдөрү да Зеленскийдин антына күбө болушту.

Кошумчалай кетсек, Украинаны жаңы президенти Зеленский ант берүү аземи жумуш күнүнө коюлгандыктан, жаңы президенттин урматына эч кандай майрам же кече уюштурулбай тургандыгын айтып, бардык депутаттарды иштөөгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM