Биз менен байланышыңыз

Абылгазиевдин баңгизатты көзөмөлдөгөн тууганынын резюмеси

Кыска кабар | 18 мая 2019 | 771 | 0

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Марал» радиосуна берген маегинде : «Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууганы Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Баңги заттарды көзөмөлдөөчү башкы башкармалыкты жетектейт», — деп айткан эле. Бул боюнча коомдо бир топ талаш-талкуу жаралган. Мындан улам, премьер-министрдин тууганы Азиз Абылгазиев өзүнүн резюмесин жарыялаган.

Төмөндө өкмөт башчынын агасы Азиз Абылгазиевдин резюмеси:

  • 1979-1980-жылдары Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылындагы Комсомол совхозунда жумушчу;
  • 1980-1982-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн (Москва);
  • 1984-1987-жылдары Саламаттыкты сактоо министрлигинин Башкы дарыкана башкармалыгынын Борбордук дарыкана кампасынын кабыл алуу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • 1987-1993-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун студенти;
  • 1993-жылы Сокулук районундагы №217 дарыкананын провизору;
  • 1993-1994-жылдары «Кыргызфармация» мамлекеттик концернинин Дарыкана кампасынын борбордук бөлүмү;
  • 1994-1995-жылдары Сокулук районундагы № 217 дарыкананын жетекчиси;
  • 1995-1998-жылдары Сокулук районундагы «Бермет» жеке ишканасынын жетекчиси;
  • 1998-2003-жылдары Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын Медициналык техникалар жана дары-дармектер департаменти инспекция бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2003-2005-жылдары «Медфарм» биргелешкен ишканасынын директорунун орун басары;
  • 2005-2010-жылдары КРдин Баңги заттарына көзөмөл кылуу боюнча мамлекеттик агенттиктин инспектору;
  • 2005-2010-жылдары КРдин Баңги затты көзөмөлдөө боюнча агенттиктин башкы инспектору;
  • 2010-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык техника департаментинин Баңгизатты мыйзамдуу түрдө айлантуу кызматынын башкы адиси;
  • 2010-жылы Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын лицензиялоо бөлүмүнүн башкы инспектору;
  • 2010-2013-жылдары Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын лицензиялоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • 2013-2017-жылдары Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын башкы адиси;
  • 2017-жылдан тартып Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык техника департаментинин Баңгизатты мыйзамдуу түрдө айлантуу башкармалыгынын жетекчиси;

Эске салсак, буга чейин премьер-министрдин бажасы жана анын уулу боюнча да чыр чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM