Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк QIWI кызматынын лицензиясын токтотту

Кыска кабар | 18 мая 2019 | 574 | 0

Улуттук банк QIWI кызматынын лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Улуттук банктын жоболорун аткарбагандыгына байланыштуу чыгарылган. Бирок ошол эле учурда убактылуу лицензияны токтотуу аталган кызматты өз милдеттеринен бошотпойт.

«Улуттук банк Кыргызстандагы төлөм системасындагы тобокелчиликтерди жана колдонуучулардын укугун коргоо максатында өзүнүн укуктарынын чегинде бир катар чараларды көрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Улуттук банк тарабынан «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ЖЧКсына 2019-жылдын 1-мартынан тартып төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алууну убактылуу токтоткон. Мындай чечим азыркы убакытка чейин күчүндө .

Copyright © 2017 Maral FM