Биз менен байланышыңыз

Өлкө аймагы боюнча ЖРТ башталды

Кыска кабар | 18 мая 2019 | 712 | 0

Өлкө аймагында бүгүн, 18-майда Жалпы республикалык тестирлөө башталды. Сынактар 18-19-майда жана 21-22-майда өткөрүлөт. Биринчи этапта жалпы тест өтсө, экинчи этапта тандай турчу кесиптеринин негизинде предметтик тест өтөт.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары  борбору маалымдагандай, өлкө аймагы боюнча тест учурунда 114 борбор иштейт. Маалыматка ылайык, буга чейин каттоодон 41 миң 286 абитуриент каттоодон өткөн. 17-20-майда боло турган кошумча каттоодон кийин бул сандар өзгөрүшү мүмкүн. Ошондой эле, тестти жүргүзгөн борбордун билдиришинче, июнь айында май айында жетише албай калгандар үчүн да өзүнчө сынак болот.

Copyright © 2017 Maral FM