Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Абылгазиевдин өкмөтү эң начар өкмөт болду

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2019 | 1445 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Марал» радиосуна берген маегинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөт эң начар өкмөт болгонун билдирди.

«Бул өкмөт инвестиция тартып, ишкана ача алган жок. Айлык көтөрүп, же болбосо бир иши менен калктын көзүнө көрүнө алган жок. Башкача айтканда, жакшы баса албаган өкмөт болду», — дейт депутат.

Анын айтымында, өкмөт башчыны кызматтан кетиртүү парламенттин саясий эркине жараша болот.

«Өкмөт башчы жылдын бюджетин кабыл алып, отчетун берди. Эми анын кереги да жок болуп калды. Анткени, бийликтин курмандыкка чала турган мезгили келип жетти. Коомдогу саясатты салкындатуу үчүн өкмөт башчыны кетирип, жаңысын алып келе турган болсок, ага да 1 жыл мүмкүнчүлүк берилет. Мындайда «Жаңы өкмөт келди, бир жыл күтөлү», — деп элди алаксытууга оңой болот. Анын артынан эле шайлоо келет да, бийликке ыңгайлуу шарт түзүлөт», — дейт Момбеков.

Copyright © 2017 Maral FM