Биз менен байланышыңыз

Абылгазиевде моралдык жоопкерчилик болсо, өзү отставкага кетмек

Кыска кабар , Пикирлер | 17 мая 2019 | 1641 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевде моралдык жоопкерчилик болсо, өзү отставкага кетмек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Абылгазиев: «Менин артымдан жаман сөз ээрчип калды. Бийликтин ишенимин аткара албай, президенттин ураанына, негизги реформасына көлөкө түшүрдүм. Мындай шартта өкмөттү башкарууга негиз жок деп ойлодум», — деп кызматтан кетип калса, премьер-министр өз атын, абийирин сактап калмак. Азыр комиссия менен кете турган болсо, аны тарых да сактап кала албайт», — дейт Момбеков.

Белгилей кетсек, «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын уулу экендиги ачыкка чыгып, коомдо талкуу жаратууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM